Бишкек шаардык соту Исмаиловдун мандатын жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды

Фархат Исмаилов. Сүрөт: Интернеттен алынды

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатынан ажыратуу тууралуу соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» 20-сентябрда соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми мандатынан ажыратылган эл өкүлү Фарходбек Алимжановдун соттук иши 28-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.

Эки депутаттын мандатынан ажыраганы тууралуу 6-июлда белгилүү болгон. Мындай чечимге алардын дипломдорунун жараксыз деп табылганы негиз болгон. Кийин алар Боршайкомдун чечимине каршы сотко кайрылган, бирок Бишкек шаардык административдик соту арызды канаттандырган эмес.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев «депутат болуу үчүн талапкер жогорку билимдүү болуш керек» деген талап 2021-жылы гана киргизилгенин билдирген. Анын айтымында, мурда талапкерлерден диплом талап кылынчу эмес.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өткөн жылы марттан тарта УКМК бардык аткаминерлердин дипломунун аныктыгын жана кош жарандуулугун текшере баштаган.

Атайын кызматтан жасалма диплом эң эле көп берилген окуу жай катары Кыргыз улуттук университети шектелерин билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жасалма диплом чыры: Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыратты

Жасалма диплом чыры: Мандатынан ажыраган эки депутат БШКны сотко берди

Жасалма диплом чыры: Сот мандатынан ажыраган эки депутаттын арызын канааттандырган жок