Акыйкатчы институту: Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди

УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди. Бул тууралуу «Клоопко» 9-августта Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 8-сентябрда институттун кызматкерлери Мадумаров жаткан УКМКнын тергөө абагындагы шарттар менен таанышып, абактагы бакша кишилер менен да баарлашкан.

Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Мадумаров экинчи түрдөгү кант диабети менен ооруп жатканын айтып, ага электрокардиостимулятор коюшканын билдирген.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери «коррупцияга» шектелип кармалган мурдагы экология министри Динара Кутманова отурган камерага да барган. Ал жүрөк кемтиги менен ооруп жатканын, жүрөк капкакчасын алмаштыруу зарыл экенин белгилеген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 60 кишиге ылайыкташкан тергөө изоляторунда 76 киши кармалып турганы да белгилүү болгон.

Ошондой эле сунуш-даттануулар боюнча жашыруун кутулардын жоктугу, фельдшер өргүүгө чыгып кетип, анын ордуна эч ким иштебей жатканы аныкталган.

Азырынча атайын кызматтан Мадумаров отурган тергөө абагындагы шарттар жана анын ден соолугу тууралуу комментарий бере элек.

Мадумаров 2-март күнү жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалып, ошол эле күнү 24-октябрга чейин камакка алынган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Мадумаров аны «жомок» деп атоодо.

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Эл өкүлү аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу парламентте «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кожокулова: Мадумаровго башка берене менен айып тагуу парламенттин чечими күчкө ээ эмес дегенди билдирет

«Протокол — шылтоо». «Бүтүн Кыргызстандын» Мадумаровдун кармалганы боюнча билдирүүсү