Кытай Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстанга таза суу тарта турган долбоорду каржылайт

Кытайдын Sinomash холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана шаарына таза суу тарта турган долбоорун ишке ашырууну ниеттенип жатат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилигине таянып «Озодлик» радиосу («Азаттык» радиосунун өзбек кызматы) жазды.  

Басылманын маалыматына ылайык, Sinomash менен баштапкы макулдашуулар жетишилген. Мындан тышкары, компания аймактагы социалдык мекемелерди оңдоо жана куруу иштерин дагы алып барат.

Фергана облусунун акимчилиги маалымдагандай, облус башчысы Хайрулло Бозоровдун Кытайга жасаган сапарында жалпы суммасы 1,37 млрд долларлык 29 инвестициялык макулдашуулар менен соода келишимдерине да кол коюлган. Ал эми Кытайдын каржы инстуттары менен 300 млн долларлык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган баштапкы  макулдашуу жетишилген.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу боюнча мыйзам долбоорлоруна добуш беришкен. 

Документке ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргеликте башкаруу үчүн комиссия түзмөкчү.   

Андан соң эки өлкөнүн президенттери документтерге кол коюшуп, ал эми 2023-жылдын январында Садыр Жапаров менен Шавхат Мирзиеёв өлкөлөрдүн ортосундагы биргелешкен чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашышкан. Андан соң Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процесстерин аякташканын билдирген

Бирок Кемпир-Абад боюнча макулдашуу коомчулуктун бир бөлүгүндө нааразычылыктарды жараткан. 30га жакын активист, саясатчы жана укук коргоочу аталган келишимге каршы чыгып, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшкөн. 2022-жылдын октябрында милиция аларды массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен камакка алган

Кармалгандардын баары ушул күнгө чейин күнөөлөрү жоктугун билдирип, аларга каршы иштер токулганын билдирип келишет.

Саясатчылар менен активисттердин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Башкы беттеги сүрөт: Даниль Усманов / Eurasianet.