Сузакта убактылуу кармоочу жайга баӊгизат алып кирүүгө аракет кылган киши кармалды

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

27-сентбярда облустук милициядан баӊгизат киргизүүгө аракет кылган Багыш айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну экенин билдиришти. 

Ал 24-сентябрда милициянын убактылуу кармоочу жайынын текшерип өткөрүү пунктунан тез татым тамагын алып кирип баратканда кармалган.

Шектүүнүн жанынан үч даана өзгөчө кескин жыты бар, баӊгизатка окшош зат табылып, тергөө-ыкчам тобуна өткөрүп берилген. Териштирүүдө белгисиз зат 3 граммдан ашуун салмактагы баӊгизат экени аныкталган. 

Бул факт боюнча «Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.  

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баңгизатка байланышкан иш боюнча ИИМдин дагы бир кызматкери кармалды

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды

Баңгизатка байланыштуу беш кызматкер кармалган соң ИИМдин 18 жетекчиси жазаланды