Өлкөдө электромобиль чыгарган заводдор курулса алар 5 жылга салыктан бошотулары айтылды

Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова эгер Кыргызстанда электромобилдерди чыгара турган заводдор курулса, алар беш жылга салыктан бошотуларын билдирди. Бул тууралуу ал Кыргызстандын жеке секторунун  «жашыл» ишкердик маселеси боюнча өткөн жыйынында айтты деп билдирди Economist.kg басылмасы. 

Жыйында Үсөнбекова Министрлер кабинети өлкөнүн кызыкчылыгана жооп берген кандай гана ишкана болбосун аларды беш жылдык мөөнөткө салыктан бошото аларын белгиледи.   

Үсөнбекова талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында электромобилдерге электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн документтерди жол-жоболоштурууга 195 күндөй убакыт талап кылынары аныкталып, бирок өкмөттүк акселерация долбоору боюнча 100 күн ичинде реформа жүргүзүү сунушталганын кошумчалады.

«Эң башкысы — [электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн] уруксат документтерин алуу процедурасын женилдетүү керек. Биз азыр кээ бир кошумча административдик жүктөмдү алып салдык, эми уруксатты 60-65 күндүн ичинде алса болот. Биз бул долбоорду республика боюнча жайылткыбыз келет», — деди Үсөнбекова. 

Өлкө бийлиги бир нече жылдан бери жашыл ишкердик, айрыкча электромобилдердин санын көбөйтүү маселеси боюнча демилгени көтөрүп келет.

Мисалга, 2021-жылдын декабрында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан өлкөдө электромобилдердин үлүшүн кескин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын айткан. Ошол эле кезде Министрлер кабинети Президенттин иш башкармалыгынын автопаркын электромобилдер менен кайра жабдууну пландап жатканы белгилүү болгон.

Бирок бул демилгени депутат Дастан Бекешев сынга алган. Ал электромобилдерди сатып алууга бөлүнгөн 450 млн сом өлкөдө экология маселелерин чечүүгө жумшалса жакшы болмок деп билдирген.

Министрлер кабинетинен тышкары, электромобилдерге жеңилдиктерди берүү демилгесин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да колдойт. Май айында депутат Марлен Маматалиев электромобилдерге, катализатору жана ОСАГО камсыздандыруу полиси бар унааларга «жашыл номерлерди» киргизүүчү мыйзам долбоорун сунуштаган.

Депутат «жашыл номерлердин» ээлерине жол эрежесин бузган учурда айып пулдардын жана транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатууда алымдардын өлчөмүн 50%га чейин азайтып берүүнү сунуштоодо.

Маматалиев мындай мыйзам өлкөдөгү экологиялык кырдаалга олуттуу оң таасирин тийгизет жана электромобилдерди өндүрүүнү жана сатууну өнүктүрүүгө жардам берип, жалпы эле өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт деп эсептейт.