Бекешев өкмөткө: Электромобилдерди сатып алгандан көрө экология маселесин чечишсе болмок

Депутат Дастан Бекешев парламенттин 8-декабрдагы жыйынында электромобилдерди сатып алууга бөлүнгөн 450 млн сом өлкөдө экология маселелерин чечүүгө жумшалса жакшы болмок деп билдирди.

«Бишкекте жана өлкөнүн башка көптөгөн аймактарында экология начарлап баратат. Бюджетте экологияны жакшыртууга жардам бере турган беренелерди көрө албадым. Смог, таштанды жайлар көбөйүп жатат. Муну кандай кылабыз? Ал арада президенттин иш башкармалыгы 450 млн сомго электромобилдерди сатып алып жатат. Андан көрө аларды жарандарга жумшашса жакшы болмоктур», — деди эл өкүлү, минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып.

«Экология ушундан башталат», — деп жооп берди Бекешевдин нааразылыгына өкмөт башчысы Акылбек Жапаров.

«Биз акырындап электр жана газ менен иштеген унааларга өтөбүз. Көчөттөрдү отургузабыз, таштандыны кайра иштетүү менен алектенип жатабыз», — деп кошумчалады Жапаров.

Эл өкүлү бюджеттик каражаттын киреше бөлүгүндө көмүртектүү газдан түшүүчү акциздик салык бар экенин эске салды.

«Андан [акциздик салыктан] 200 млн сомдой киреше алсак болот. Андыктан Ботаникалык бактын кыйрап калган сугат системасына жардам берүүнү сурайм. Бул Бишкектин “өпкөсү”», — деди Бекешев.

Жапаров эгер парламент тиешелүү чектөөнү киргизбегенде минкаб сугат түйүнүнө байланыштуу маселеге эбак эле киришмек экенин билдирди.

«Эгер парламент чектөө киргизбегенде биз былтыр же ушул жылы сугат системасын киргизип, шаар тургундары үчүн эки ботаникалык бак ачмакпыз. Бирок “ботаникалык бакты кантип эксплуатациялоо керек” деген талкуу саясий нукка өтүп кетипкендиктен биз бул багытта каражат бөлүүнү токтотууга мажбур болгонбуз. Илимдер академиясынын жаңы президенти менен шаар мэри тил табышып жатат. Кийинки жылы акча бөлөбүз. Процессти саясатташтырбоо керек», — деди өмөт башчысы.

Бишкектеги кара түтүн

Борбор калаадагы кара түтүн маселеси активист жана шаардыктар тарабынан айтылып келе жатканына бир топ жыл болду. Бишкекте экологиялык абал жыл сайын суук түшөөрү менен начарлап, шаарды коюу кара түтүн каптай баштайт — борбордук ЖЭБде, жаңы конуштарда жылуулук үчүн көмүр жагылат.

Анткен менен бийлик жылуулук борборунда катуу бөлүкчөлөрдүн чыгышын 97 пайызга тазалап турган күчтүү чыпкалар турат деп билдирип келет.

2021-жылдын 4-январында Бишкек дүйнө жүзү боюнча абасынын сапаты боюнча антилидер болгон: калаада AQI 450 бирдикке жеткен.

Смог менен күрөшүү үчүн Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында өзгөчө комиссия түзгөн. Ал жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуунун үстүндө иштейт.

Бирок комиссияга чейин 2021-жылдын 31-мартында парламент депутаттары «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алышкан. Бир жылдан кийин эл өкүлдөрү Министрлер кабинетинин Бишкектеги смогго каршы күрөшүү боюнча чараларын жетишсиз деп табышкан.

Ботаникалык бакча

Шаарда таза абаны сактоо үчүн ботсадды коргоп калуу керек, анткени ал табигый чыпка жана нымдаткыч катары кызмат кылат. Учурда бул Бишкектеги эң эле чоң жашыл аймак.2022-жылдын февралында Ботаникалык бактын кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, бакчаны сактап калууну суранышкан.

Илимий изилдөө институтунун маалыматына ылайык, Министрлер кабинети Ботаникалык бакты рекреациялык иштерди жүргүзүү үчүн Бишкек мэриясына өткөрүп берүүнү каалап жатат.«Эгер “Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакча Илимий изилдөө институту” мамлекеттик маанидеги илимий мекеме макамынан ажырап калса, Кыргызстан өлкөдөгү жападан жалгыз Ботаникалык бакчасын жоготот», — деп айтылган кайрылууда.Институттун кызматкерлери Ботаникалык бакча начар абалда экенине алардын күнөөсү жоктугун айтышкан.

«Тескерисинче, илимий жана чарбалык иштер каржыланбаганына карабстан биз буга чейин жоголуп бараткан айрым позициялар сактап кала аладык жана чекесинен калыбына калыбына келтире баштадык. Бул көбүнесе Улуттук илимдер академиясынын администрациясынын жана биздин башка өлкөлөрдүн окумуштуу кесиптештерибиздин колдоосу менен мүмкүн болду», — деп билдиришкен алар.

Ботаникалык бакчага минкабдын орун басары Эдил Байсалов барып келген. Ал «кандай болгон күндө да иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугусуз Ботаникалык бактын толук кандуу илимий мекеме катары статусу сакталып калат» деп билдирген.21-апрелде Жогорку Кеңеш Ботаникалык бакты сактап калуу жана өнүктүрүү боюнча токтомдун долбоорун караган, бирок чечим кабыл алган эмес. Документти кабыл алуу белгисиз убакытка жылдырылган.

Ботаникалык бак кургап калуу коркунучунда турганына арык системасы эскирип калганы себеп. Оңой угулушу мүмкүн, бирок бул бактын 170 гектардан ашык аянтын камтыган суу лотоктору. Арык системасын калыбына келтирүү бериде 10 млн сом деп бааланууда. Бийлик бакты калыбына келтирүү үчүн акча бөлүнөрүн бир нече жолу айткан. Мисалы, 2018-жылы Сапар Исаков өкмөт башында турганда Ботаникалык бакка 60 млн сом бөлүнөрү айтылган. Бирок каржы маселеси ошол бойдон чечилбей келет.

Ботаникалык бак 1938-жылы түзүлгөн. Азыр ал Бишкектеги эң ири жашыл аймак. Бүгүнкү күндө бактын аянты 151 гектарды түзөт. Ал жерде дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн эки миңден, декорациялык гүлдөрдүн, оранжерея жана чөптөрдүн 3,5 миңден, жемиш өсүмдүктөрүнүн 8 миңден ашык жаңы сорттору менен түрлөрү чогултулган. Өсүмдүктөргө байлыгы боюнча Ботаникалык бак Борбордук Азияда биринчи жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинде алдыңкы орунда турат.

Дагы окуңуз:

Саламаттык сактоо министрлиги: Абанын булганышы 112 адамдын өлүмүнө түздөн-түз себепкер эмес