Депутат Самыйкожо: ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат тараткан булактарга чара көрүшү керек

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Ички иштер министрлиги атайылап үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат таратып аткандарга чара көрүлүшү керек деп эсептейт. Бул тууралуу депутат парламенттин 27-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Самыйкожонун айтымында, тарыхта ата-балар аялдарга дайыма тең укуктуулук менен мамиле жасап келген.

«Жанагындай кулак-мурду кесилип, [Селекция айылындагы аялдын бычакталышы] кордолуп аткандары — бул жигитчилик эмес, мырзалык эмес. Бул өтө жаман көрүнүш. Болгону ушул нерселерди дагы жайылтып аткан нерселерге дагы карап коюшубуз керек. Атайын бир жактан чыгып аткандай дагы болуп атат. [...] Сөзсүз ошолорго [маалымат булактарына] чара көрүлүшү керек», — деди Самыйкожо.

Депутат кыргыздар эч качан аялды бөлгөн эмес, алар дайыма бирдей «жан шерик жана тең» болгонун кошумчалап, «аял затына басым коюп, эркек затын жаман атуу, мыкаачы, зордукчул, зомбулукчул жана кордукчул көрсөтүп албайлы» деп чакырык жасады.

«Бир карын майды бир кумалак чиритип аткан мезгилдерде биз анчалык эле, мынакей [эркектер] зөөкүр болуп баратат, мындай болуп баратат деген нерселерден алысырак бололу дегенди айткым келди», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң актуалдуу жана эң көйгөйлүү маселелердин бири. Башкы прокуратуранын расмий маалыматтарына ылайык, 2022-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун 9 880 фактысы катталган.

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылган.

Үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү Чүй облусунун Селекция айылында болгон окуядан кийин кайрадан кызуу талкуулана баштады. 20-сентябрда аталган айылда милиция ажырашып кеткен аялын кордоого шек саналган кишини кармаган.

Шектүү жабырлануучунун кулак-мурдун, ошондой эле бетин кескилеп салган. Врачтар аялдын өмүрүн сактап калыш үчүн сегиз саатка чукул операция жасашкан, учурда ал ооруканада. Ага дагы бир нече операция жасалмакчы.

Бул окуя милиция жана судьялардын ишине карата сынды күчөткөн. жабырлануучу ажырашып кеткен күйөөсү зордуктап кетип атканына арызданып милицияга эки жолу кайрылганы белгилүү болгон. Чүй ОИИБи биринчи жолкусунда жабыркаган аял тосмо арыз жазкандыктан сот териштирүүнү токтотконун билдирген.

Бирок жабырлануучунун сиңдиси андай маалыматты четке кагууда. Экинчи жолкусунда сот айыпталуучуну пробациялык көзөмөлгө коё берген. Ал эми Жогорку сот судьянын аракетине тийиштүү баа берилерин билдирген.

ИИМ өз кезегинде мекеменин башчысы Улан Ниязбеков «кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу иликтенишине кепилдик берүү үчүн» бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

Дагы окуңуз: «Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды