Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болду

Ошто кутурма оорусун жуктуруп алган 12 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу 1-октябрда шаардык балдар ооруканасынын дарыгерине таянып «Азаттык» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдү август айында Өзгөн районунда ит тиштеп алган. Анын жакындары дарыгерлерге убагында кайрылган эмес. Баланы оорунун белгилери байкалганда гана дарыгерге көрсөтүшкөн.

20-сентябрда баладан кутурманын белгилери аныкталып, 26-сентябрда көз жумган.

Буга чейин, август айында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жолбун ит сегиз адамды тиштеп, алар ооруканага жаткырылган

Саламаттык сактоо министрлиги жаралангандарга кутурмага каршы иммуноглобулин жана атайын эмдөө курсу дайындалганын, инфекцияны жайылытпоо үчүн бир нече иш-чаралар уюштурулганын белгилешкен. 

Кутурма оорусу — бул жаныбарлардан жугуучу вирустук оору, аны вакцина менен алдын алып, айыктырса болот. Вирус адамга дээрлик 99% учурда үйдө багылган иттерден жугат.

Инфекция адамга жаныбарлар тиштеп же тытып алганда, көбүнчө шилекей аркылуу жугат. Ит тиштеп алган киши жараланган жерди дароо самын менен жууп, тез арада дарыгерге кайрылышы керек. Вирус жуктуруп алган бейтап дарыгер белгилеген эмдөө курсунан өтүшү зарыл. Эмдөө акысыз жасалат.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз тургун ооруканага түштү

Кызыл-Кыя: Жолбун ит тиштеген сегиз адамдын алтысы ооруканадан чыкты