Бишкек: Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды

4-октябрда Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды. Бир нече ЖМК жеринен түз эфирге чыкты.

Маалыматка ылайык, кармоо операциясы «Учкун» басылмасы жайгашкан аймакта өтүп жатат. Ошондой эле ал жерде атышуу болуп, күч органдарынын бир кызматкери жарадар болгону айтылууда. Түз эфирден курчоого алынган аймактан милиция кызматкерлерин жана тез жардам унаасын көрүүгө болот.

«Азаттык» басылмасы операция жүрүп жатат деген «Блондер паб» кафесине башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келгенин жазды.

Азырынча Камчы Көлбаевди кармалып-кармалбаганы тууралуу күч органдары расмий маалымат берише элек.

Буга чейин Көлбаевдин адвокаты ага карта эч кандай кылмыш иши жок экенин айтып, буга чейинки кылмыш иши жаза мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылганын билдирген.

Көлбаевдин буга чейин кармалышы

Көлбаев 2020-жылдын октябрында «уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин алдын алуу жана аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында» кармалган. Анда ал «Кылмыштуу уюм түзүү же ага катышуу» боюнча шектелип жатканы маалымдалган.

Кармалгандан кийин Көлбаев №47 түзөтүү абагына киргизилген. Бирок 2021-жылдын мартында Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө шарты менен абактан бошоткон.

Ошол учурда УКМК кримтөбөлдин туугандары «кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу» иши боюнча мамлекетке 49,6 млн сом төлөп бергенин билдирген. Бул иш боюнча келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн.

Мамлекеттик комитет калган сумманы Камчыбек Асанбек 2021-жылдын апрелинин аягына чейин мамлекеттик бюджетке төлөшү керектигин белгилеген. Бирок бул иш кандай аяктаганы белгисиз, Көлбаев бошотулгандан кийин УКМК эч кандай маалымат берген эмес.

2022-жылдын ноябрында УКМК Көлбаевди тиешелүү уруксат кагаздары жок чек ара аймагында жүргөнү үчүн кайрадан кармап, протокол түзгөн соң бошоткон.

Көлбаев деген ким?

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири. Ал уюшулган кылмыштуу топтун лидери катары каттоодо турат. Мекеменин маалыматына ылайык, 2018-жылы ага 424 адам кирген.

Көлбаев өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал.

2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу топтун бир бөлүгү деп билдирген.

АКШ бийлиги Көлбаевди жоопко тартууга же анын кылмыштуу схемасын бузууга шарт түзө турган маалымат үчүн 5 млн доллар сый акы жарыялаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азыр Көлбаевге карата эч кандай кылмыш иши жок — адвокат