Каратист Адилет Шадыканов Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Адилет Шадыканов. Сүрөт: «Акипресс»

6-октябрда кыргызстандык каратист Адилет Шадыканов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алгачкы жолу күмүш медаль тагынды.

Спортчу карате боюнча турнирде кумите дисциплинасы боюнча 84 килограммдан жогорку салмакта күч сынашты. Ал 1/4 финалдан баштап, Непалдын өкүлүн жеңип, андан соң жарым финалда Сауд Арабиянын спортчусун утуп алды.

Финалдык беттеште Шадыканов Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку жана Азиянын төрт жолку чемпиону болгон 31 жаштагы ирандык спортчу менен таймашып, 2:4 эсебинде утулду.

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама команда жалпы он үч медаль тагынды — 4 алтын, 2 күмүш жана 7 коло.

23-сентябрда башталган 19-жайкы Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча күч сынашууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова жана Кымбат Тойтонова коло медаль утту

Жеңил атлетчи Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль утту

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду