Жеңил атлетчи Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль утту

Кыргызстандык жеңил атлетчи Сардана Трофимова Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медалдын ээси болду. Бул тууралуу 5-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ал спортчу кыздар арасында өткөн марафон дисциплинасында 41 чакырымды 2 саат 28 мүнөт 41 секунд ичинде чуркап марага жетти.

Бул жарышта биринчи орунду ээлеген бахрейндик Юнис Чебичи Чумба мара сызыгынан 2 саат 26 мүнөт 14 секундда чуркап өтсө, ал эми экинчи орунда кытайлык Чжан Дэшунь 2 саат 27 мүнөт 55 секундда жеңишке жетти.

35 жаштагы Сардана Трофимова — теги якутиялык атлет. Ал былтыр Кыргызстандын жарандыгын алган. Спортчу алгачкы жолу Кыргызстандын атынан чоң мелдешке катышты.

Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында улуттук курама команда жалпы төрт медаль тагынды. Алардын ичинен Эрлан Шеров, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын алса, Раззак Бейшекеев коло медалдын ээси болду. Ал эми балбандар командалык эсепте 3-орунду ээлешти.

XIX Азия оюндары 23-сентябрда башталган, ал 8-октябрда жыйынтыкталат. Оюнга 45 өлкөнүн 12 500 спортчусу катышып жатат. Атлеттер спорттун 40 түрү боюнча күч сынашып жатышат.

Автору: Назайым Тилевалдыева

ТЕМА БОЮНЧА:

Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль багынтты

Кыргыз балбаны Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпиону болду