«Аю» компаниясынын издөөдө жүргөн директору Тыныбек Исаев кармалды

Ички иштер министрлиги «Аю» компаниясынын директору, издөөдө жүргөн Тыныбек Исаев кармалганын кабарлады. Бул тууралуу 7-октябрда «Азаттык» басылмасы жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Исаев менен кошо издөөдө жүргөн дагы бир киши кармалган. Соттун чечими менен экөө тең камакка алынды.

Буга чейин, 8-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган.

Абдыкеримовго беш берене боюнча айып тагылып, эгер кармалса Жаза аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына камалары айтылган.

Үстүбүдөгү жылдын 15-апрелинде ИИМ «Аю» компаниясынын спирт жана арак чыгарган заводун тинтүүгө алып, 264 тонна мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана акциздик маркасы жасалмаланган 13 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдик тапкан.

Бул боюнча «Токмок Буллс» ишканасынын башкы директору, башкы технологу жана күзөт бөлүмүнүн башчысы кармалып, «Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» беренеси менен иш козголгон. Ошондой эле ишкананын бардык кампасы жабылып, кайтарууга алынган.

Ал эми 14-апрелде президент Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өткөрүлгөнүн билдирген.

Анын айтымында, буга ишкана миллиондогон салыкты төкпөй, акциздерди жасалмалап, контрабанда жолу менен наркы 40 миллион сомдон ашык 275 тонна спирт менен кармалганы негиз болгон.

Ал эми Экономика министри Данияр Амангелдиев компанияны «ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок» деп белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Аю» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

«Эки жарым жыл эркелеттик». Президент «Аю» компаниясы мамлекетке өткөнүн билдирди