Кыргызстан Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүүнү жандантты

Киров суу сактагычы. Сүрөт интернеттен алынды.

Талас облусундагы Киров суу сактагычынан Казакстанга сугат суу берүү кайрадан жанданды. Бул тууралуу 13-октябрда коңшу өлкөнүн ЖМКсы Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитовго таянып жазды.

«Биз Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен жолугуп, Киров суу сактагычын ачууну, шарттарын жаңылоону макулдаштык. Учурда суу сактагычтан 12 куб метр суу берилип, Жамбыл облусунун суу сактагычтарында суу топтолууда», — деди Нуржигитов.

Азырынча Кыргызсандын Айыл чарба министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин, 13-августта министрлик суунун тартыштыгынан улам Киров суу сактагычы аркылуу Казакстанга сугат суу берүү убактылуу токтоткон.

21-августта социалдык тармактарда Киров суу сактагычындагы суунун какшып калган видеосу тараган. Видеонун ээси «Казакстанга бергенге суу деле калбаганын» айткан.

Ал эми 20-августта кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгон. Айдоочулар казак тарап Кыргызстан «сугат суу берүүнү токтоткону үчүн жүк ташып бараткан унааларды атайылап күттүрүп жатат» деп арызданышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ирригация институтунун башчысы чек арада күтүп калган фуралар боюнча казак бийлигине кайрылды

Бир видео менен: Киров суу сактагычынын какшып калган көрүнүшү