Сузакта социалдык шаарча курулуп, 96 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду

Жалал-Абад облустук администрациясы Сузак районундагы Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташкан «Үмүт» социалдык шаарчасы пайдаланууга берилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси каржылаган. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын бөлүп берген.

Шаарчада тигүү цехи, фельдшерлик-акушердик пункт (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулганы айтылат.

Анын ачылыш аземине губернатор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук бирикменин мүчөлөрү, Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөр жана айыл тургундары катышты.

«Турак үйлөрдүн жашоочуларын долбоордун демөөрчүлөр тандаган. Алар биринчи кезекте, көп балалуу жалгыз бой энелерге, майыптыгы барларга жана жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө көңүл бурган», — дешти облустук администрациядан.

«Ас-Сафа борбору» өткөн жылы да аталган облустагы Ноокен районунун Аримжан айылындагы муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү 25 социалдык турак жай куруп берген.

Бирикме 2019-жылы да Баткен шаарына эки социалдык шаарча куруп берген. Ал үчүн Баткен мэриясы 3,5 гектар жер бөлүп берген. Турак үйлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокенде «Ас-Сафа борбору» жалгыз бой энелер үчүн социалдык шаарча куруп берди