Замирбек Шамшидин уулунун камактагы мөөнөтү 8-ноябрга чейин узартылды

Замирбек Шамшидин уулу. Сүрөт: Azattyk

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулун 8-ноябрга чейин камакта калтырды. Маалыматты «Клоопко» 16-октябрда Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

8-сентябрда Замирбек Шамшидин уулуна «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин айыптоо «Массалык баш аламандыктар» беренесине алмаштырылган. 

23-сентябрда абактагы депутат Адахан Мадумаровдун тарапташы Замирбек Шамшидин уулун ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын алдынан куралчан белгисиз бирөөлөр алып кетишкен. Ал эми УКМКдан анын кармалганы боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон эмес.

25-сентябрда Биринчи май райондук сотунда Замирбек Шамшидин уулунун баш коргоо чарасы каралып, ал 20-октябрга чейин камакта калтырылган.

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алган. 

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.  

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген. 

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.  

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын бузуп жатканын айтып сындап жүргөн.

26-сентябрда Мадумаровдун тарапташтары Өзгөндүн Куршаб айылында бийликке кайрылуу үчүн «Чынар» сейил багына чогулган. Алар саясатчыны бошотууну талап кылышмак. Бирок милиция коомдук жайларда нааразылык акциясын, митинг өткөрүүгө тыюу салынган деген жүйө менен чогулгандарды таратып жиберген. Ага чейин бул тууралуу кабарланган эмес.

10-октябрда кылмыш иши тергелип бүтүп, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шамшидин уулун 20-октябрга чейин камакка алды

Мадумаровдун тарапташын куралчан бирөөлөр кармап кетишкени айтылууда