Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шамшидин уулун 20-октябрга чейин камакка алды

25-сентябрда Биринчи май райондук соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун баш коргоо чарасын карады. 

Соттун «Клоопко» тастыктаган маалыматына ылайык, ал 20-октябрга чейин УКМКга караштуу ТИЗО-1де камакта болот.

Адвокат Алманбет Бексултановдун айтымында, Шамшидин уулуна карата 8-сентябрда «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен иши козголуп, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында өткөн митингден соң «Массалык баш аламандыктар» беренесине алмаштырылган.

«Мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып жаткан депутат Адахан Мадумаровдун тарапташы, Шамшидин уулунун кармалганы тууралуу 23-сентябрда белгилүү болгон. Аны УКМК кармап кеткени айтылган, бирок атайын кызмат расмий маалымат тарата элек.

Ага дейре «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаровдун тарапташын куралчан бирөөлөр кармап кетишкени айтылууда