Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алган Таирбек Инхамовго батир берилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы 16-сентябрда кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жаракат алган чек ара кызматкери Таирбек Инхамовго Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу 19-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Инхамов кыргыз-тажик жаңжалындагы атышуу учурунда миномёттун жарылуусунан улам эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өтүп кеткен. Ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Учурда чек арачы ата-энеси менен жашайт.

«УКМК төрагасы Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи», — деп айтылат билдирүүдө. 

Ташиев «согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын» кошумчалады. 

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Өткөн жылдын 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында толук масштабдуу куралдуу жаңжал болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган. Жалпысынан куралдуу жаңжалда Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы 3 млрд 130 млн сом деп бааланган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Чек ара жаңжалында жараат алган аскер кенемте ала албай жатканын айтып чыкты

Чек ара кызматы: Баткенде каза тапкан 37 чек арачынын жакындарына кенемте төлөндү