«Клооптун» сайтын бөгөттөө: Маданият министрлиги басылманын доо арызын четке какты

11-сентябрда Маданият министрлиги «Клооптун» сайтын бөгөттөө чечимине каршы берген басылманын доо арызын четке какты. Мындай чечимди министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу башында турган атайын комиссия кабыл алды.

«Клооптун» сайттын бөгөттөө боюнча министрликтин буга чейинки чечими дагы деле күчүндө — ага басылманын «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады» деген орус тилиндеги макаласы негиз болгон.

Маданият министрлигине макаланын үстүнөн УКМК арызданган. Мекеменин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмуратованын айтымында, атайын кызмат бул макала «фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

8-сентябрь күнү «Клоопко» келип түшкөн катта аталган материалда «жалган маалымат» бар экени айтылат. Ошол эле кезде, чечимде так кайсы маалымат жалган экени ачыкталган эмес.

Министрлик «жалган маалыматты» эки иш күндүн аралыгында өчүрүүнү талап кылган. Ошол эле күнү «Клооптун» юристтери чечимдин үстүнөн даттанып, мыйзамга ылайык, сот иштери боюнча жоопкерлерден гана макаланы өчүрүү же төгүндөө талап кылынарын баса белгилешкен.

Фейктер тууралуу мыйзамга ылайык, «Клооптун» сайтын бөгөттөө аракети буга чейин да болгон. Февралда Маданият министрлигине Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) арыз менен кайрылган. Бирок бир нече убакыттан кийин АРИС себептерин түшүндүрбөй эле арызын чакыртып алган.

Азыркы тапта «Клоопту» юридикалык жакты жокко чыгаруу коркунучу тооруп турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.

Учурда «Клооп» ишин улантып жатат, бирок бийлик сайтты каалаган убагында бөгөттөшү мүмкүн. Эгер андай жагдай жаралса, макалаларды сайтыбыздын күзгү версиясынан окуй аласыз:

https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/index.html  

Мындан тышкары, акыркы маалыматтардан кабардар болуп туруш үчүн соцтүйүндөрдөгү барактарыбызга катталып коюңуз:

ТЕМА БОЮНЧА:

«Клооп» Маданият министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөө боюнча чечиминин үстүнөн даттанды