Садыр Жапаров Лавровдун кыргыз тил мыйзамы боюнча айткандарына жооп берди

Президент Садыр Жапаров 24-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу айткандарына жооп берди. Өлкө башчысы «мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок» деп билдирди. 

«Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп атса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул норма баш мыйзамда да бар. Бул нормалар кала берет. Мугалимдер менен врачтарга тиешеси жок. Элестетиңиз, мектепке орус улутундагы орус тил мугалимин алып атабыз дейли. Анан аны “сен кыргызча билбейт экенсиң” деп кызматка албай коебузбу? Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек», — деди Жапаров.

Ал мыйзамдын максаты «эне тилди толук өздөштүрүү» экенин белгиледи. Ошондой эле Жапаров «учурда мамкызматкерлер жана депутаттар да орус-кыргыз тилин аралаштырып сүйлөйт деп сындап, эки тилди бирдей өздөштүрөлү» деп билдирди. 

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүңдө күчүнө кирген жаңы мыйзамды «анчейин демократиялуу эмес» деп атаган.

«Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай», — деген Лавров.

Ал ошондой эле «орус тили жалпысынан басмырлоого кабылып жатат» белгилеген.

«Орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат. Ар кайсы улуттун, маданияттын, диндин өкүлдөрүнүн улуттук өнүгүүсүнө шарт түзүп, ошол эле учурда жалпы бириктирүүчү фактор катары бааланган орус тилин кошо өнүктүрүү — мезгил талабы», — деген орус чиновниги.

Орусия тарап Кыргызстанда мамтил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу буга чейин да комментарий берип келген. Июндун башында бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынганда Орусия ТИМнин расмий өкүлү Мария Захарова бул мыйзам «азыркы абалында республикадагы кыргыз тилин билбеген жарандар үчүн айрым кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн» деп билдирген. Ал Москва Кыргызстанда тең салмактуу тил саясатынын жүргүзүлүшүнө ишегиси келет деп айткан.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам

17-июлда Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» конституциялык мыйзамга кол койгон. Мыйзам министрликтерди, мекемелерди, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жана менчик формасына карабастан бардык уюмдарды кыргыз тилин жумушчу тил кылып колдонууга милдеттендирет.

Ошондой эле мамлекеттик тил географиялык аталыштарда, билим берүү жана илим тармагында, ошондой эле эл аралык келишимдерди түзүүдө милдеттүү түрдө колдонулууга тийиш.

Негизги өзгөрүүлөрдүн дагы бири — мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.

Андан тышкары жаңы мыйзамга ылайык, телерадиокомпаниялар, анын ичинде жеке менчик телекомпаниялар программа жана телеберүүлөрүнүн 60%дан кем эмес бөлүгүн мамлекеттик тилде алып барышы керек.

Ошол эле учурда орус тилинин расмий макамы сакталды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Анчейин демократиялуу кадам эмес» — Лавров Кыргызстандын мамтил жөнүндө мыйзамы тууралуу