Сузактагы ок атууга байланыштуу Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ок атууга катыштыга бар делип маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 31-октябрда облустук милициядан билдиришти.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБ

Маалыматка ылайык, окуя 30-августка караган түнү болгон. Анда «Хундай-Гетс» үлгүсүндөгү унаадагы белгисиз бирөө «Деу-Нексия» унаасында бараткан 29 жаштагы кишиге бир нече жолу ок чыгарган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген. 

Милиция бул боюнча «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен иш козгоп, шектүү катары Сузак районунун 29 жаштагы тургунун кармады. Ал кримтөбөл Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо экени айтылды. 

Шектүү райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматы анын кылмыш дүйнөсүнөн баш тартканын айткан видеосун жарыялады.

УКМК 4-октябрда атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн соң, түрдүү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо иштерин күчөтө баштады.

Атайын кызмат маалыматына ылайык, жалпы жону Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү менен лидерлери колго түшкөн.

Ошондой эле соцтүйүндөрдө УКТ мүчөлөрү менен кримтөбөлдөр «мыйзамдагы ууру» деген макамдары менен кылмыш чөйрөсүндөгү түшүнүктөрдөн баш тартып, өлкөнүн мыйзамдарына баш ийүүнү убада кылган видеолору тарап жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сырдуу өлүм. Көлбаевдин өлтүрүлүшү Жапаров менен Ташиевдин чырын кантип ачыктады

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады