«Абал курч». Өлкөдө эмделбеген балдардын арасында кызамык көп катталууда

Иллюстративдик сүрөт.

1-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында кызамык оорусу күч алып, абал курч экенин кабарлады.

Мекемеден Бишкек шаарындагы эки жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте жана Каракол шаарындагы бир мамлекеттик бала бакчада кызамык оорусу катталганын маалымдашты.

Министрликтен «Клоопко» билдиришкендей, аты аталган бакчалар убактылуу жабылып, ал эми мектеп онлайн окууга өткөн. Учурда Бишкектеги бир бала бакчадан башкасы кадимки тартипке келтирилди.

Ал эми Жалал-Абаддагы эки мектеп дагы деле аралыктан иш алып барып жатат.

«Оору эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда. Ушуга байланыштуу 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы уланууда», — дешти министрликтен

Жыл башынан бери 3289 адам кызамыкка чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Жалпы Бишкекте — 989, Ош шаарында — 321, Ош облусунда — 683 адам, Чүйдө — 515, Жалал-Абадда — 501, Ысык-Көлдө — 68, Баткенде — 94, Таласта — 92, Нарында — 26 адам катталган.

Балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында быйыл илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө иштери 18-сентябрдан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү

Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди

Кыргызстанга кызылча-кызамыкка каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинди