Бишкекте уурдалды деген орусиялык активист Орусияга чыгарылып кеткени маалымдалды

«Мемориал» укук коргоо уюму Кыргызстанда уурдалган орусиялык активист Лев Скорякин Москвадагы «Бутырка» №2 тергөө абагынан табылганын билдирди.
   
«Мемориалдын» маалыматына ылайык, Скорякин Кыргызстанда 2023-жылдын 17-октябрга караган түнү, болжолдуу, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан уурдалган.

«Эртеси күнү учак Бишкектен Москванын Домодедово аэропортуна учкан учак менен чыгарылып кеткен. Андан кийин Скорякин эки жума кандайдыр бир процесуалдык макам албастан, №2 тергөө абагында кармалып, кыйноого кабылган. №2 тергөө абагынын кызматы адвокаттардын суроо-талабына активист бул абак жайда жок деп айтышкан, башка орус маморгандары дагы анын дайынын айтпай коюшкан», — деп билдиишти укук коргоочулар.

«Мемориалдагылар» активистке Орусияга өзү келди деп айттырыш үчүн кысым көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деп болжошууда. Укук коргоочулар бул Скорякинди Орусияга мыйзамдүү түрдө өткөрүп берүү мүмкүн эмес болгондуктан жасалган болушу ыктымал, себеби Кыргызстандын прокуратурасы аны экстрадиция кылууга баш тарткан жана ал башпаанек сураган болчу деп түшүндүрүшүүдө.

«Скорякин эркиндикке чыкканда Кыргызстандан Германияга кетем деп жүргөн. Ал Германиянын гуманитардык визасын жана 16-октябрь күнү эртең менен чет элдиктин паспортун алган, бирок 12-октябрда, Путин Кыргызстанга келген күнү, анын ички орусиялык паспортун алып коюшкандыктан өлкөдөн чыгып кете албай калган, ансыз өлкөдөн чыгып кете албайт болчу», — деп түшүндүрүштү укук коргоочулар.

Бишкекте Орусиядагы «Солчул блок» кыймылынын активисти Лев Скорякин белгисиз адамдар тарабынан уурдалганы тууралуу 18-октябрда бир катар басылмалар укук коргоочуларга таянып билдирген.

Активист Кыргызстанда алгачкы жолу быйыл июнь айында кармалган. Кийин Скорякин сентябрда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын экстрадициялоодон баш тартуу чечиминин негизинде абактан бошотулган. Скорякин баш паанек сураганына байланыштуу Башкы прокуратура аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан.

Буга чейин орусиялык саясий активист Алёна Крылова да башпаанек сураган. Орусияда ал орус бийлиги экстремисттик деп тааныган «Солчул каршылык» кыймылынын мүчөсү болгон. Өз мекенинде Крылова жана дагы беш адам экстремисттик коомчулукту түзүү боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу деп табылган. Учурда Крылова Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.