Чек ара чырында жабыр тарткан элге келген курулуш материалдарын сатып салган аткаминерге өкүм чыкты

Кулунду айыл аймагы. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында чек ара чырынан жабыркаган элге жөнөтүлгөн 128 миң сомдук курулуш материалдарын «өз билемдик» менен сатып жиберген айылдык кеңештин төрагасына 50 миң сом айып салынды. Бул тууралуу act.sot.kg порталында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 29-апрелдеги кыргыз-тажик чек ара чырында жабыркаган жергиликтүүлөргө Сокулук районунун эли жардам катары 20 тонна цемент жана 25,5 куб ар түрдүү жыгач курулуш материалдарын жөнөткөн. 

Ошол жылдын 18-майынан тарта айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеген 41 жаштагы айыпталуучу 110 миң сомдук жыгачтарды Интернационал айылындагы дүкөндөрдүн бирине сатып жиберген. Аны менен катар, ошол жылы октябрь айында да элге жардам катары келген жалпы 18 миң сомдук жыгачтарды саткан.

Кулунду айылдык кеңешинин депутаттары жана тургундары айыпталуучунун мыйзамсыз иштерин билип калып, андан эсеп берүүсүн талап кылышкан. Ал эми айыпталуучу «кылмышын жашыруу же актануу» максатында бир жылдан соң, тагыраагы 2022-жылдын май айында айылдагы калкты тейлөө борборунун имаратын өз билемдик менен оңдоо иштерин баштап, сатып жиберген курулуш материалдарынан түшкөн акчаны сарптап жиберген.

Калкты тейлөө борборунун имаратын оңдоо маселеси 2021-жылдын ноябрь айында Кулунду айылынын жашоочуларынын жыйынында көтөрүлүп, 181 миң 430 сомго тендер жарыяланган. Натыйжада жеңүүчү аныкталып, компания менен аталган айыл өкмөт ортосунда 174 миң 445 сомго келишим түзүлгөн. 

Айыпталуучу тендердин жеңүүчүсүнөн өз билемдик менен оңдоо иштерине жумшаган 128 миң сом акча каражатын накталай түрдө кайра кайтарып алган. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучудан 128 миң сом өндүрүлүп, материалдык зыяндын орду Кулунду айыл өкмөтүнүн эсебине кайтарылды.

Үстүбүздөгү жылы 27-мартта ал Лейлек райондук сотунун өкүмү менен «Олуттуу өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Бирок, менчик ээсине келтирилген зыяндын ордун өз ыктыяры менен толтургандыктан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.

23-июнунда Баткен облустук соту тарабынан Лейлек райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, ага «Өзүм билемдик» беренесинин ненизинде гана күнөөлүү тагылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. Айып пул мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган.

Айыпталуучунун жактоочусу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Ал «иштин жагдайларына туура эмес баа берилгенин» айтып, кылмыш ишин кыскартууну суранган. 25-сентябрда Жогорку сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы 

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак чыккан аймактан коопсуз аймакка эвакуацияланган тургундар. 2021-жыл, апрель. Сүрөт: ӨКМ

Куралдуу кагылыш 2022-жылдын 14-17-сентябрында да кайталанып, атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Кыргызстандан 63 киши курман болуп, 206 адам жабыркаган.

Ал эми тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Редактору: Бакай Алмаз

ТЕМА БОЮНЧА:

HRW: кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон жай тургундардын өлүмү дароо иликтениши керек

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан каза тапкандардын аты-жөнү