Акылбек Жапаров Тажикстан менен чек ара маселеси 2024-жылга чейин чечилерин билдирди 

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаш жараткан маселелер быйыл чечилип калышы мүмкүн. Бул тууралуу Акылбек Жапаров бүгүн 3-ноябрда «Улуттук өнүгүү форуму 2023: “Жакырчылык жана теңсиздик”» иш-чарасында сүйлөп жатып, билдирди.

Анын айтымында эки өлкөнүн президенттери өз өкмөттөрүнө чек ара боюнча бардык маселени 2024-жылга чейин чечүү тапшырмасын койгон.   

«Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча бардык делимитациялоо процесстери аяктады. Кыргызстандын жана Тажикстандын өлкө башчаларынын ушундай эле тапшырмаларынын үстүндө иштеп жатабыз. Жаңы жылга чейин президенттерге чек ара маселелери чечилди маалымат беришибиз керек», — деди Жапаров.

2-октябрда эки өлкөнүн УКМК башчылары Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйынында жолугушуунун жыйынтыгы менен Баткенде №44 протоколго кол коюшкан.

Тараптар документ ишке ашырылууда чек ара талаштарын чечүүгө өбөлгө болорун белгилешкен. Бирок протоколдун өзүнүн мазмуну ачыкталган эмес.

8-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 43,22 чакырымы такталып, макулдашылганы белгилүү болгон. Андан кийин алар мамлекеттик чек аранын дагы 13,98 чакырымы тактап, макулдашышкан.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 604 чакырымы гана такталган. Аныкталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

Чек арадагы акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон. Куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.