«Арыктоо үчүн дары ичкен». Ноокатта 26 жаштагы аял каза тапты

Ош облусунун Ноокат районунда «арыктатуучу дарыларды ичип жүргөнү» айтылган 26 жаштагы аял жандандыруу бөлүмүнө түшкөндөн кийин каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» 10-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору Шаятбек Туланбаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, маркум Ноокат районундагы Гулистан айыл аймагынын тургуну Орусияда жүргөндө «арыктатуучу дарыларды» ичип, абалы оорлошконуна байланыштуу кичи мекенине кайтып келген. Аял он күн реанимацияда жатып, өзүнө келе албай 9-ноябрда каза тапты.

Маркум аял буга чейин Өзбекстанга барып дарыланып келгени айтылды. Анын артында эки баласы калды.

Өткөн жылы июнь айында 40 жаштагы аял Бишкек шаарындагы Art clinic менчик клиникасында липосакция процедурасын жасаткандан кийин каза болгон.

*Липосакция — бул ашыкча дене майын хирургиялык жолу менен азайтуу процедурасы. Операция дененин белгилүү бир бөлүгүнө (курсакка, санга же жамбашка) жасалышы мүмкүн.

Операцияны жасаган хирургга «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» жана «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» беренелери менен айып тагылып, бирок тараптардын элдешкенине байланыштуу иш кыскартылган.

Ал эми жеке менчик клиниканын лицензиясы жокко чыгарылган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Липосакция процедурасынан соң каза болгон аялдын өлүмүнөн кийин жеке менчик клиника жабылды

Липосакциядан кийин каза болгон аялдын өлүмү боюнча иш кыскартылды

Липосакциядан кийин каза болгон аялдын иши боюнча хирург камакка алынды