Кыргызстандын аялдар курамасы жарым марафон боюнча Азия чемпионатында 1-орунду ээледи

11-ноябрда Кыргызстандын жарым марафон боюнча аялдар курамасы Дубайда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.

Командалык мелдеште ар бир өлкөдөн катышкан спортчулардын эң мыкты үч көрсөткүчү эске алынды. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортчу төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болду:

  • Сардана Трофимова — 1 саат 14 мүнөт 44 секунд;
  • Гүлшаной Сатарова — 1 саат 15 мүнөт 18 секунд;
  • Мария Коробицкая — 1 саат 15 мүнөт 42 секунд;
  • Айнуска Калил кызы — 1 саат 16 мүнөт 7 секунд;

Мелдештын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 1-орунду ээледи. Ал эми экинчи орунга Өзбекстан багындырса, үчүнчүгө Индия татыды.

21 километр аралыкка чуркоо боюнча Азия чемпионаты тарыхта биринчи жолу быйыл Бириккен Араб Эмиратында өттү. Ага 45 өлкөдөн келген миңден ашык жөө күлүк катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз спортчусу Белек Бараканов самбо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Спортчу Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту