Бишкек: Кызамык менен ооругандар үчүн ооруканада кошумча бөлүм ачылды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкек шаарындагы Жугуштуу ооруларга каршы республикалык клиникалык ооруканада кызамык менен ооругандарга кошумча бөлүм ачылды. Бул тууралуу «Клоопко» 6-ноябрда оорукананын башчысы Гүлжигит Аалиев билдирди. 

«Учурда ооруканада 100дөн ашык бала бар. Алардын 78инен кызамык илдети аныкталып, 17синен аныктала элек. Калгандары кызамык оорусу менен байланышып калгандар. Бейтаптар бүгүн жаңы ачылган бөлүмгө да жаткырыла баштады», — деди оорукананын башчысы.

Буга чейин, 1-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында кызамык оорусу күч алып, абал курч экенин кабарлаган.

Бишкек шаарындагы эки жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте жана Каракол шаарындагы бир мамлекеттик бала бакчада кызамык оорусу катталып, аталган бала бакчалар убактылуу жабылган. Ал эми мектеп онлайн окууга өткөн.

Ошондой эле Жалал-Абадда кызамык илдетине байланыштуу эки мектеп аралыктан окутууга өткөн.

Жыл башынан бери 3289 адам кызамыкка чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Жалпы Бишкекте — 989, Ош шаарында — 321, Ош облусунда — 683 адам, Чүйдө — 515, Жалал-Абадда — 501, Ысык-Көлдө — 68, Баткенде — 94, Таласта — 92, Нарында — 26 адам катталган.

Балдар арасында өсүп жаткан кызамык жана кызылча менен күрөшүү демилгесинин алкагында быйыл илдетке каршы 755,5 миң доза вакцина алып келинип, эмдөө иштери 18-сентябрдан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Абал курч». Өлкөдө эмделбеген балдардын арасында кызамык көп катталууда

Жалал-Абадда кызамык оорусуна байланыштуу эки мектеп аралыктан окууга өткөрүлдү

Кызамыктан эки бала көз жумду. Министрлик алар эмдөөдөн өтпөгөнүн билдирди