Мадумаровдун адвокаты абактагы саясатчынын абалы начар экенини айтты

Бишкек шаардык соту 2015-жылдагы шайлоодо акча чогултуу маселеси боюнча «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун жактоочуларынын аппеляциялык арызын карады. Бул тууралуу 13-ноябрда саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков «Азатыкка» билдирди.

Ал жактоочулар соттон тергөөдөгү далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну өтүнгөнүн айтты. Бирок шаардык сот аны четке какты.

Жумабеков саясатчынын ден соолугунун абалы начар экенинин белгилеп, «кан бысымы 90го чейин түшүп кетип жатат» деп кошумчалады.

Буга чейин, 26-октябрда Мадумаров ден соолугу начарлаганына байланыштуу Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылып, 2-ноябрда кайра абакка которулган.

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган.

Мадумаровдун иши ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Анда саясатчы Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген.

Кийин саясатчы дагы бир иш боюнча сурак берген. Ага Чыңгыз Абдымомунов атуу кишинин 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстанга» 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайтарып алуу үчүн милицияга арыз жазганы негиз болгон.

Ал эми Мадумаров партия шайлоодо акча чогултпай турганын айтып, айыпты четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Репрессиядан 85 жыл өттү, а биз ошол эле бойдон». Адахан Мадумаров абактан кат жолдоду