Кара-Суу райондук соту мурдагы аялын он жеринен бычактаган тургунду 2 жылга кести

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту мурдагы аялын он жеринен бычактап, качып кеткен шектүүнү 2 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Клоопко» 13-ноябрда облустук соттун басма сөз кызматы билдирди. Аялдын жакындары айыпталуучу «жок эле дегенде 10 жылга кесилиши керек болчу» деп нааразы болуп жатышат.

Маалыматка караганда, райондук соттун өкүмү 19-октябрда чыкты. Ага ылайык, кылмышка шектүү «Кылмыш жасоого аракеттенүү» жана «Аффект абалында адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелеринин негизинде айыптуу деп табылып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт. 

Андан сырткары сот айыпталуучуну жабырлануучу тарапка материалдык зыяны үчүн 109 миң 661 сом, ал эми моралдык зыяндын ордуна 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну, беш баланын энеси Гүлбахар Имарованы 3-майда мурдагы күйөөсү балдарынын көзүнчө бычактап качып кеткен. Он жеринен бычакталган аял айыпталуучу психикалык ооруканадан жоопкерчиликтен качуу максатында «аффект абалында болгон» деген корутунду даярдатып алганына нааразы болгон.

Жабырлануучунун бир тууган сиңдиси Гүлүмкан Кубанычбек кызы 14-ноябрда «Клоопко» комментарий берип, Кара-Суу райондук соту «далилдер болгонуна карабастан адилетсиз чечим чыгарганын» билдирди. Ошондой эле алар райондук соттун чечимине каршы облустук сотко даттанышты.

«Биз 10 жылдан көбүрөөк берилсе керек деп ойлогонбуз. Эжем психикалык жактан жабыркаганы аз келгенсип, кант диабети менен ооруп, учурда Орусияда дарыланып жүрөт. Кимден жардам сураганды деле билбей калдык. Мурдагы күйөөсү эжемдин жоош, ишенчээктигинен пайдаланып, уруп коркутуп жүрчү. Эч жерде иштебей, балдарына келген жөлөк пулуна жана эжемдин иштеп тапканына жашап келген. Ажырашып кетсе деле “мен силерди үй-бүлөңөр менен жок кылам, колуңардан эч нерсе келбейт” деп коркутуп жүргөн», — деп билдирди жабырлануучунун сиңдиси.

Кубанычбек кызы айыпталуучу Гүлбахар Имарованын балдарына «сексуалдык ыпылас аракеттерди жасап, коркутуп келгенин» билдирди. Ошондой эле жабырлануучунун жакыны укук коргоо органдарына жана коомчулукка кайрылып, адилеттүү чечим чыгарып берүүнү талап кылды.

«Орусияда иштеп жүргөндө жездем ичип келип, эжемди уруп, жанындагы баласына “ушуну көргүң келип атабы?” деп тигил жагын көрсөтүптүр. Бул үч-төрт жолу кайталангандан кийин эжем коркуп, баласын Ошко жөнөткөн. Учурда балдарынын деле психикасы кейиштүү абалда. Сот органдары адилеттүү чечим чыгарып беришин суранабыз. Анан дагы коомчулуктан жардам сурайбыз, азыр соттордо бир гана акча роль ойнойт экен. Ал жаза мөөнөтүн отуруп чыккандан кийин бизди өлтүрүп кетет, биз качып кетсекпи деп ойлоп атабыз, эмне кылганды билбей калдык», — деди Кубанычбек кызы.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. 2022-жылы эле Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулуктар тууралуу билдирүүдөн тайсалдашаарын айткан.

Эгерде зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто мурдагы күйөөсү бычактап кеткен аял акыйкат издейт