Орунтаевдин ордуна Бишкектин вице-мэри болуп Азамат Кадыров дайындалды

Азамат Кадыров. Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Нурдан Орунтаевдин ордуна Азамат Кадыров мэрдин муниципалдык мүлк жана жерди пайдалануу маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.

Буга чейин Кадыров муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.

34 жаштагы Кадыров Ысык-Көлдө төрөлгөн. Ал 2011-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин саясат таануу, 2016-жылы Ысык-Көл кооперация институтунун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит бөлүмүн аяктаган.

Ал 2011-жылдан бери Бишкек шаардык мэриясындагы ар кандай башкармалыкта катардагы кызматкер, жетекчи болуп иштеп келген. 2014-2016-жылдары «Истейт консалт» ишканасынын башкы директору болгон.

Ал эми мурдагы вице-мэр Нурдан Орунтаев жаңы кызматка өткөндүгүнө байланыштуу иштен кеткен. Ал президенттин буйругу менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы болуп дайындалган.

Орунтаев өткөн жылдын августунан бери борбор калаанын вице-мэри болуп иштеп келген. Бул кызматта ал «муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулганы» айтылган ар кандай объектилерди бузууга катышканы менен эсте калды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Нурдан Орунтаевди Мамкурулуштун башчылыгына дайындады

Кадрдык өзгөрүү: Бишкекке э̶с̶к̶и̶ жаңы мэр келди, президенттин басма сөз катчысы элчи болуп дайындалды