Ош: Жолдор башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов кызматтан кетти

Сүрөт: T-media

Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгын дээрлик 15 жылдан бери башкарып келген Арзыбек Жунусов кызматтан кетти. Бул тууралуу 14-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жунусов 1-ноябрда өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Юруслан Камилов дайындалды.

Буга чейин Ош шаарындагы жол куруу тармагында бир катар чуулар чыккан. «Азаттык» май айында иликтөө жарыялап, анда Ош мэриясына караштуу Жолдор башкармалыгы өткөргөн миллиондук тендерлерине ишкананын кызматкерлери өздөрү катышып, утуп келгенин аныктаган

Иликтөөдөгү маалыматка караганда, кызматкерлердин алды 70 миллион сомдук тендерди утуп, салган жолдору боюнча чуу да чыккан. Ал эми муниципалдык ишкананын ошол кездеги жетекчиси Арзыбек Жунусов кызматкерлердин тендерге катышканын моюндап, бирок муну «мыйзамдуу» деп атаган.

Мурдараак Ош шаардык кеңештин депутаты Медер Абдыманапов Оштогу борбордук көчөлөргө төшөлгөн тротуарлар 5 айга жетпей чөгүп, айрым жерлеринен чөп өсө баштаганын айтып чыккан. Бир айдан кийин Ош шаарында салынган тротуарлардын сапаты начар экени аныкталып, Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаарында 5 ай мурда төшөлгөн тротуарлар чөгүп, чөп өсө баштады

Оштогу сапатсыз тротуарлар: Жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду

Ош: Жолдор башкармалыгынын миллиондук тендерлерин ишкананын кызматкерлери утуп келгени аныкталды