Жалал-Абад шаарындагы мейманкалардын биринин алдында массалык мушташ чыгып, 4 киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-ноябрда аймактык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 10-ноябрга караган түнү саат 03:40та болгон. Шаардык милициянын тергөө тобу мушташ чыккан жердеги далил буюмдарды алып, тергөө иштери башталган.
Окуя боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Натыйжада, шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 19, 20 жана 21 жаштагы эки тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин аталган бейбаштык тартылган видео тасма «Беспредел KG» телеграм-каналына жарыяланган. Анда кан жалата сабалган жылаңач киши жерде жатканын, ал эми видеону тарткан кишилердин бири «Бул [киши] өзү өлүшү керек да, братан» деп айтканы угулат.
ТЕМА БОЮНЧА:
УКМК: «Бек-Абад» өткөрүү пунктунда массалык мушташка катышкандар кармалды
Сокулуктагы массалык мушташ: Адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн эки киши кармалды
Сокулуктагы массалык мушташ: Бир адам ок жеп каза болуп, дагы бири ооруканага жеткирилди