УКМК: Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Оштогу жетекчилери кармалды

Экспорттолуучу товарларга мыйзамсыз сертификат берип, айрым ишканаларга салыктан качууга шарт түзгөн деген шек менен Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери кармалды. Бул тууралуу 17-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетекчилер акчалай сыйлык үчүн көмүрдү экспорттоо менен алектенген ишканага килограммы 10-12 сомду түзгөн көмүргө 1-1,5 деп көрсөтүлгөн жасалма сертификат берип келишкен.  

Ошондой эле палатанын өкүлчүлүктөрүнүн салык органдарына кассалык түшүүлөр боюнча финансылык отчётто кирешелер азайтылып көрсөтүлгөн. Анын кесепетинен, өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү өлкөнүн бюджетине түшкөн эмес.

Мындан сырткары импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүүчү он ишкана кылмышка шектүүлөрдүн биринин үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар экени аныкталды. Шектүү аталган компанияларда негиздөөчү же директор деп көрсөтүлгөн. 

12-ноябрда айыпталуучулардын биринин үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада ишке тиешелүү документалдык материалдар, 28 миң АКШ доллары, 1 млн 997 миң сом жана 99 миң рубль, печаттар, кыймылсыз мүлккө таандык документтер табылган.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кара-Суу: Мыйзамсыз жер сатып, мамлекетке 15 млн сомдон ашуун зыян келтирген кызматкерлер кармалды

Эсептөө палатасы: Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунда 665 млн сомдук каржылык бузуу аныкталды

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти алдамчылыкка шектелип кармалды