Караколдо күйөөсү аялын монитор менен чаап салганы кабарланды — милиция териштирүүдө

Жергиликтүү басылмалар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү аялы менен уруша кетип, аны монитор менен чаап салганын жазып чыкты.

Ысык-Көл облустук милициясынан «Клоопко» 16-ноябрда шаардагы үйлөрдүн биринде ызы-чуу чыкканы тууралуу маалымат келип түшкөнүн белгилешти. Милиция кызматкерлери жерине барганда 47 жаштагы киши менен 40 жаштагы аял дүкөндө уруша кеткени аныкталган.

ЖМКдагы маалыматка ылайык, күйөөсү аялы иштеген дүкөнгө барып ызы-чуу чыгарып, компьютер менен аялын уруп жиберген. Ошондой эле ал дүкөндү өрттөйм деп коркуткан.

Милициядан жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, коргоого алынганын айтышты. Ал эми кишиге жоопко тартылары тууралуу эскертүү берилип, тергөө башталды.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргыз коомунун балээси — үй-бүлөлүк зомбулук. ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылдын жети айында эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 5911 фактысы катталган.

Ал эми 2022-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 95-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө экинчи ирет аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылды.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Ошондой эле зомбулуктан аман калгандар аларды кордогондорго болгон экономикалык көз карандылыктан жана коомдук стигмадан улам зордук-зомбулук тууралуу билдирүүдөн тайсалдашары айтылат.

Эгерде зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Өнөктөшүнө зомбулук көрсөтүп жүргөн шектүү эки айга камалды

Депутат Самыйкожо: ИИМ үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат тараткан булактарга чара көрүшү керек