Ташиев Көлбаевдин батирлери мамлекеттик компания аркылуу элге ипотекага берилерин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык делип атайын кызмат тарабынан камакка алынган батирлер мамлекеттик компания аркылуу элге ипотекага берилерин билдирди.

Ал 17-ноябрада УКМКнын кезектеги жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып, Көлбаевдин байлыгы, үй-бүлөсүнө кайтарылган мүлктөр тууралуу маалымат берди.

«Биз Көлбаевдин аялына, балдарына, туугандарына мыйзам бузбаса тийбейбиз. Мына аялы бир ресторанын, унаасын сурады, “жан багыңыз” деп бердик. Үч кызына үч батир бердик. Эки баласына эки батирин, эки жер аянтын, техникалык кызмат көрсөткөн жерин кайтарып бердик», — деди ал.

Ташиев кримтөбөлдүн 100 миллиард сомдон ашык байлыгынын 20 миллиарды мамлекетке өткөнүн белгилеп, калганы да өтүп жатат деп кошумчалады.

Көлбаевдин өлүмү жана мүлкү

Камчы Көлбаев — Кыргызстандын жана Борбор Азиянын эң таанымал кримтөбөлдөрүнүн бири болчу. Ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал өлкөдө «мыйзамдагы таажылуу ууру» катары таанымал эле.

Көлбаев 4-октябрда кармоо операциясы учурунда УКМК тарабынан жок кылынган. Аны кармоого дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгон.

Кримтөбөлдүн өлүмүнөн соң УКМК анын уюшкан кылмыштуу тобунун 40тан ашык мүчөсү кармалганын билдирген. Ошондой эле кримтөбөлдүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүнүн алдын ала жалпы баасы 1 млрд доллар деп эсептелип, камакка алынган.

Кийин Көлбаевдин жубайы видеокайрылуу жасап, бийликтен жакындарын тынч коюуну өтүнгөн. Ошондой эле ал кредитке салынган имараттар үй-бүлөсүнүн жалгыз киреше булагы экенин белгилеп, бийликтегилерден кирешесиз калтырбоону суранган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Мүлкү 1 млрд доллар». УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун кырктан ашык мүчөсү кармалганын кабарлады