Таласта өспүрүмдү зордуктоо фактысын жашырууга шектелген милиционерге  60 миң сом айып салынды  

Талас районунда өспүрүм кыздын зордукталганын жашырууга шектелген аймактык милиция бөлүмүнүн башчысына 60 миң сом айып. Маалыматты «Клоопко» 23-ноябрда Жогорку соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.  

Мындай чечимди 20-ноябрда Талас райондук соту чыгарды. Укук коргоо органынын кызматкери жашы жете элек кыздын зордукталганы тууралуу кылмышты жашырууга жана акысына 70 миң сом пара алууга айыпталып жаткан. 

Соттон шектүү «Пара алуу» беренеси боюнча акталганын, ал эми кылмышты жашырганы үчүн 600 эсептик көрсөткүч түрүндө жаза алганын белгилешти.  

Үстүбүздөгү жылдын март айында Башкы прокуратурадан Талас райондук милициясынын аймактык бөлүмүнүн башчысы жашы жете элек өспүрүмдү зордуктаган айылдашынын кылмышын жашырып, 70 миң сом пара алганы аныкталганын билдирген. Көзөмөл органы анда тергөө аяктап, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдары сотко өткөнүн кошумчалаган болчу. 

Балдарга карата зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фатылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Эгерде сиз балдарга карата зомбулукка кабылсаңыз же күбө болсоңуз, анда «Балдардын ишеним телефону» борборунун 111 номерине анонимдүү жана акысыз чалсаңыз болот. Борбор өлкөнүн бардык аймактарынан чалууларды кабыл алат жана күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.

Алар сизге консультация берип, психологиялык жактан жардам көрсөтө алышат. Эгер сизге укук коргоо органдарынын жардамы керек болсо, кайрылууңуз аларга жөнөтүлөт.

Ошондой эле зомбулукка кабылган балдарга жардам бере турчу борборлор да иштейт. Ал жакка төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

  • Бишкек шаары, Карасаев көчөсү №73. Телефондор: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош шаары, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1. Телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас шаары. Телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол шаары, Жамансариева көчөсү № 163. Телефондор: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Ысык-Көл көчөсү №33.

ТЕМА БОЮНЧА: 

УКМК: Токмокто милиционер зордуктоо иши боюнча пара алып жатканда кармалды

Токтогул: 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 36 жаштагы киши кармалды