Бишкекте аялдар менен балдарга жардам көрсөткөн «социалдык унаалар» иштеп баштайт  

Бишкекте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана андан жапа чеккен аялдар менен балдарга тез жардам көрсөтүү үчүн төрт «социалдык унаа» иштеп баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык унаа. Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муниципалиттен белгилешкендей, «социалдык автоунаа» Кыргызстандагы жалгыз социалдык кызмат. Ал төмөнкү учурлар боюнча иш алып барат;

  • ырайымсыз мамилеге же зомбулукка кабылган балдарга тез жардам көрсөтүү;
  • балдарды өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдардан тез арада чыгаруу жана аларды борборлорго жеткирүү;
  • балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык кароолорго коштоп жүрүү;
  • рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө кайырчылыкка, селсаяктыкка катышкан аялдарды жана балдарды, кароосуз калган жашы жете электерди аныктоодо шашылыш баруу;
  • турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча шаардык жана райондук рейддердин жүрүшүндө жер-жерлерге чыгуу.

Ошондой эле социалдык унаа документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл менен жабылган, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун кызматкерлерине шарттар түзүлгөн. 

Жаңы унаалардын ачкычын 26-ноябрда Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев калаанын төрт социалдык өнүктүрүү боюнча райондук башкармалыктарынын башчыларына тапшырды. 

25-ноябрда Бишкекте жыл сайын өтүүчү «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» компаниясы старт алган. Ал аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга жана болтурбоого чакырат. Кампания аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча биргелешкен аракеттерди жана чараларды көрүү үчүн бардык кызыкдар тараптардын күч-аракетин бириктирүүгө багытталган.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө үстүбүздөгү жылдын акыркы он айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталган