Депутат Ажыбаев: Атамдын кылмыштуу топторго эч кандай тиешеси болгон эмес

Чыгыз Ажыбаев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев атасы Ильяскожо Ажыбаевдин кылмыштуу топторго тиешеси жок экенин айтып, УКМК жарыялаган видео боюнча пикирин билдири. Бул тууралуу ал «Кактус медиа» басылмасына маек курду

Атайын кызмат 25-ноябрда «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын кабарлап, арасында Ильяскожо Ажыбаев бар экенин билдирген.

Депутат УКМК анын атасын «кылмыштуу топтон баш тартты деп» маалымат таратканын айтып, бирок атасы видеодо «кылмыштуу топко тиешеси болгон эмес деп айткан» деп белгиледи.

«Атам 60 жашка чыкты, ушуга чейин административдик жоопкерчиликке тартылган эмес. Ал эми “Хасан ата жана прокурор” деген каймана аттуу биздин каршылашыбыздын жакындары, мурда милицияда иштеген бирөө бар, үч жылдан бери издөөдө жүрөт, биздин атыбызды каралап жатат», — деди ал. 

Ошондой эле Ажибаев УКМК жарыялаган видео бир ай мурда тартылганын белгилеп, атасы камалбаганын кошумчалады.

УКМКдан депутаттын билдирүүсү боюнча азырынча маалымат берише элек.

Чыңгыз Ажыбаев 2021-жылы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №1 Лейлек шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: УКТга тиешеси бар бир нече киши кылмыш дүйнөсүнөн баш тартты

УКМК экс-депутат Борис Сандын уулун Көлбаевдин УКТсын каржылоого шектеп кармады