Акылбек Жапаров: Белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ири базарлар, соодагерлер уюмдары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан жыйын өткөрдү. Бул тууралуу 2-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жапаров салыктагы өзгөртүүлөр боюнча коомдо бурмаланган түшүнүк калыптанганын айтты. Анын пикиринде, белгилүү бир күчтөр маалыматтын жетишсиздигинен улам соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө.

«Мамлекет азыр эл үчүн иштейт, колунда барлардын жана коомду паракорлоштуруп, жазасыз калган “тар топтун” кызыкчылыгына кызмат кылбайт. Өкмөттүн бардык кирешеси кимдир бирөөнүн жеке чөнтөгүнө эмес, жаңы инфраструктураны курууга жана калктын жашоосун жакшыртууга жумшаларын буга чейин көргөн элдин бийликке болгон ишеними күчтүү», — деди өкмөт башчы.

Ал Салык кызматына эки апта ичинде электрондук эсеп-фактурасы менен жол баракчасын иштетүүнү жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле ал тиешелүү органдарга салык түзүмүндөгү өзгөртүүлөр боюнча калкка түшүндүрүү иштерин уюштуруу жана күчөтүүнү тапшырылды.

Соодагерлердин нааразычылыгы

29-ноябрдан бери өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери кассалык-көзөмөл машина (ККМ) орнотууга каршы нааразычылык акциясына чыгышууда. Алгач митингге «Кара-суу» базарынын ишкерлери чыккан, анда Салык кызматы аталган базардын ишкерлери ККМ орнотуудан бошотулат деп билдирген.

Эртеси күнү «Дордой», «Мадина», «Орто-Сай» базарынын соодагерлери да митингге чыккан. Кийин нааразычылык акциясына Ош, Талас, Ысык-Көл облустарындагы соодагерлер да кошулган.

1-декабрда «Аламүдүн», «Мадина», «Таатан» жана «Орто-Сай» базарларынын кызматтык кошуундар бирикмесинин башчылары УКМКга сурак берип чыккан.

«Нааразылык акциялардын артында ким турат? Эмнеге чыктыңар? Ким уюштурду? деген суроолорду беришти. Дээрлик алты саат бою кызматкерлердин суроолоруна жооп берип, жыйынтыгында өздөрү даярдап берген кагазга кол коюп, анан чыктым. Алар кол тамгаңды койбосоң чыкпайсың деп айтышты. Биз соодагерлер ККМге каршыбыз, аркабызда бизди сүрөгөн эч ким жок, ишкерлер өзүбүз чыктык. Ар бир жаран өз позициясын билдирүүгө акылуу», — деди «Аламүдүн» базарынын профсоюз жетекчиси Гүлжан Эргешова.

2-декабрда президент Садыр Жапаров соодагерлердин нааразычылыгын иликтен атайын комиссия түздү.

ТЕМА БОЮНЧА:

ККМ маселеси: Президент соодагерлердин нааразычылыгын иликтей турчу комиссия түздү