ККМ маселеси: Президент соодагерлердин нааразычылыгын иликтей турчу комиссия түздү

Президент Садыр Жапаров базарда кассалык-көзөмөл машина (ККМ) колдонууга каршы болгон сатуучулардын нааразычылыгын иликтей турчу комиссия түздү. Бул тууралуу 2-декабрда анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук барагына жазды.

Алагөзов комиссиянын жыйынтыгында өкмөттүн чечими же базардагы соодагерлердин талабы — кайсынысы туура экени белгилүү болорун айтты.

«Буга чейин президент "Бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу», — деди басма сөз катчы.

Ал «меники 8 миллиондон ашпайт» деген айрым сатуучулардын соода жүгүртүүсү 50-100 миллион сомго чейин чыгып кеткенкен учурлар аныкталып жатканын кошумчалады.

29-ноябрдан бери өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы нааразычылык акциясына чыгышууда. Алгач митингге «Кара-суу» базарынын ишкерлери чыккан, анда Салык кызматы аталган базардын ишкерлери ККМ орнотуудан бошотулат деп билдирген.

Эртеси күнү «Дордой», «Мадина», «Орто-Сай» базарынынсоодагерлери да митингге чыккан. 1-декабрда нааразычылык акциясына Ош, Талас, Ысык-Көл облустарындагы соодагерлер да кошулган.

Бүгүн, 2-декабрда митингге Бишкектеги «Кудайберген» базарындагы ишкерлер чыкканы кабарланды. Алар да башка соодагерлердей эле ККМга каршы болуп, буга чейинки патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Акыркы эки жылда кыргыз бийлиги товар же кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлерге жаңы нерселерди киргизди. Бийлик алардан ККМ орнотууну, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууну талап кылып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

ККМге каршы митингге өлкөнүн бир катар аймактарындагы ишкерлер дагы кошулду