ККМге каршы митингге өлкөнүн бир катар аймактарындагы ишкерлер дагы кошулду

Өлкөдө кассалык-көзөмөл машиналарын (ККМ) милдеттүү түрдө колдонууга каршы өлкө аймагында нааразычылык акциялары эки күндөн бери уланып жатат. 1-декабрда Бишкек шаарындагы базарлардын соодагерлери, ошондой эле Ош, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ишкерлер нааразчылык акциясына чыгышты.

Эртең менен Бишкекте «Аламүдүн», «Таатан», «Азиз» жана «Чынар» базарларынын ишкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

«Азаттык» басылмасы Ош шаарындагы «Бостон», «Бексултан» жана «Тешик таш» базарларында иштеген 100гө чукул соодагер да митингге чыкканын жазды.

Ош шаарындагы ККМге каршы митинг, 1-декабрь 2023-жыл. Сүрөт: Даткабек Шабданбек уулу / Azattyk

Андан сырткары, нааразычылык акциясы Талас жана Ысык-Көл облустарында дагы өттү. Алар дагы буга чейин иштеп келген патент системасын калтырууну талап кылып жатышат.

29-ноябрдан бери өлкөдөгү ири базарлардын ишкерлери контролдук-кассалык машиналдарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы нааразычылык акциясына чыгып жатышат. Эң алгач митингге «Кара-суу» базарынын ишкерлери чыккан, ошол эле күнү Салык кызматы аталган базардын ишкерлери ККМден бошотуларын билдирген. 

30-ноябрда «Дордой», «Мадина», «Орто-Сай» базарынын ишкерлери да митингге чыкканы белгилүү болгон. Соодагерлер салык саясатына нааразы болуп, патент системасын калтырууну талап кылышкан.

Акыркы эки жылда кыргыз бийлиги товар же кызмат көрсөтүү менен алектенген ишкерлер үчүн бир катар инновацияларды киргизди. Бийлик ишкерлерден контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) колдонууну, ошондой эле товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууну талап кылып келет. Буга байланыштуу Бишкекте жана бир катар аймактарда нааразылык акциялары өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Дордой», «Орто-Сай» жана «Мадина» базарларынын соодагерлери митингге чыгышты

«Кара-Суу» жана «Дордой» базарларынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат