«Клоопко» Элдик курултайды чагылдыруу боюнча аккредитация берүүдөн баш тартышты

Президенттин басма сөз кызматы «Клооптун» журналисттерине  15-16-декабрда өтө турчу Элдик курултайды чагылдыруу боюнча аккредитация берүүдөн баш тартты.

Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов мындай чечим «маданият министрлигинин басылманын сайтын бөгөттө чечими жана соттук териштирүүлөргө байланыштуу экенин» айтты.

Анын айтымында, Маданият министрлиги менен болгон «маселе чечилмейинче» «Клооптун» журналисттерине президент катышкан иш-чараларга аккредитация берилбейт.

«“Азаттык" менен да ушундай болгон — алардын соттук териштирүүлөрү жүрүп жатканда биз аккредитациядан өткөргөн эмеспиз», — деп кошумчалады Алагозов.

«Клоопко» каршы доо арыз

«Клооптун» сайтын бөгөттөө чечими 12-сентябрда күчүнө кирген, ал эми кыргыз тилинде — ноябрдын башынан бери. «Клооптун» сайтын бөгөттөөгө  «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын кабарлады»деген материалы негиз болгон. Макаланын үстүнөн Маданият министрлигине УКМК арызданып кайрылган. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп эсептейт.

Ошол эле маалда Жээнбеков тууралуу жаңылыкта саясатчынын кыйноого кабылганы жөнүндөгү билдирүүсүн четке каккан ЖАКтын позициясы көрсөтүлгөн.

Сайтты бөгөттөө менен катар «Клоопту» юридикалык жакты жабуу коркунучу тооруп турат. 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын бергени маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылган. 12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту ​​сайтка жарыяланган 10 макалага кайрадан экспертиза дайындалганына байланыштуу өндүрүш белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Бирок, «Медиа полиси институтунун» юристтери менен Кыргызстандын медиакоомчулугу шаардык прокуратуранын доо арызынын «күчү жок» деп эсептейт. Алар бир катар эл аралык уюмдардын катарында эле республиканын бийлигине кайрылып « “Клоопко” карата куугунттукту токтотуп» жана доо арызды чакыртып алууга үндөгөн билдирүү менен чыгышкан.

Кыргызстандагылар «Клоопту» кантип окуса болот?

Анын бир нече оңой ыкмасы бар. Биздин сайттын бөгөттөлбөгүдөй күзгү версиясын бар, ага оңой эле кирип окуй берсе болот (чындыгында анын функционалына бир аз чектелүү болгону менен акыркы материалдарды толук кандуу окуса болот).

Биздин макалаларды «Клооптун» социалдык түйүндөрдөгү барактарынан дагы эч тоскоолдуксуз окуп жана көрсө болот. 

Кыргыз тилинде: 

Сайттын күзгү версиясы —  https://storage.googleapis.com/qurium/ky.kloop.asia/index.html

Facebook —  https://www.facebook.com/KloopKyrgyz/

Instagram —  https://instagram.com/kloopkyrgyz

YouTube —  https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A

TikTok —  https://www.tiktok.com/@kloopkyrgyz

Телеграм-канал —  https://t.me/kloopkyrgyz

Орус тилинде: 

Сайттын күзгү версиясы —  https://storage.googleapis.com/qurium/kloop.kg/index.html

Facebook —  http://facebook.com/kloop.kg

Instagram —  http://instagram.com/kloopnews

X (Твиттер) —  http://twitter.com/kloopnews

YouTube —  http://youtube.com/klooplive

TikTok — https://www.tiktok.com/@kloopnews

Башкы телеграм-канал —  https://t.me/kloopnews

Маанилүү макалалар жана чукул жаңылыктар үчүн телеграм-канал — 

https://t.me/breakingkloop