«Клоопту» жоюу боюнча сот: Иш убактылуу токтотулуп, кайрадан экспертиза дайындалды

Октябрь райондук сотундагы отурум. Сүрөт: «Клооп»

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Клоопту» жоюу боюнча шаардык прокуратуранын доо арызы каралды. 

Сот отурумунда прокуратура «Клооптун» сайтына жарыяланган макалаларга кайрадан лингвистикалык жана психолого-психиатриялык экспертиза өткөрүүнү өтүндү.

«Клооптун» юристтери прокуратуранын сунушуна каршы болуп, иштин материалдарында аталган эскпертизалардын корутундусу бар экенин белгилешти.

Прокуратуранын өкүлдөрү буга мурдагы экспертизанын корутундусу жарандык иштин эмес, кылмыш ишинин негизинде болгонун айтышты. 

Жыйынтыгында сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, сайтка жарыяланган 10 макалага кайрадан экспертиза дайындады. Экспертизаны Бишкектеги Республикалык психиатрия жана наркология борбору өткөрөт. Иш боюнча өндүрүш белгисиз мөөнөткө токтотулду.

«Клоопко» каршы доо арыз

Бишкек шаардык прокуратурасы борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндөгү доо арызын берген. Документте доонун себеби катары — «көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы» айтылат.

Арызга ылайык, «Клооп Медиа» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде катталган эмес, ал эми уюмдун уставында маалымат жайылтуу ишмердүүлүгү көрсөтүлгөн эмес деп айтылган. Чынында, «жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча оюн эркин айтууга маалыматтык аянтча түзүп берүү» көрсөтүлгөн.

Ошол эле маалда документтин чоң бөлүгү таптакыр башка темага арналган — «Клооптун» макалалары Кыргызстанга терс таасирин тийгизип жаткан имиш.

Бир катар белдүү эл аралык укук коргоо уюмдары жана медиакоомчулук «Клоопту» коргогон билдирүүлөрдү жасашкан. Алардын баары кыргыз бийлигин басылмага каршы арызды кайтарып алууга, журналисттерге карата куугунтукту жана сөз эркиндигине карата басымды токтотууга чакырышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Прокуратура «Клооп» гранттык каражаттарын жашырды деп айтып жатат. Чынында — андай эмес