«Акылман» лицейи мындан ары түздөн-түз президенттин карамагында болот

14-декабрда президент Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейи жөнүндө жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, лицейдин курамы Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарылып, түздөн-түз президентке баш ийе турган болду.

«Лицейди каржылоо толугу менен президенттик фонддун эсебинен жүргүзүлөт. Ал эми лицейдин жогорку башкаруу органы болуп Көзөмөл кеңеши эсептелет, президент анын төрагасы болуп саналат», — деп белгилешти өлкө башчынын басма сөз кызматынан. 

Ал эми Көзөмөл кеңешинин түзүмү, компетенциясы, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, чечим кабыл алуу тартиби президент тарабынан бекитилген «Көзөмөл кеңеши жөнүндөгү жобо» менен аныкталат.

«Акылман» президенттик лицейи август айында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ачылган. Ал эми лицейди түзүү жөнүндө жарлыкка өлкө башчы  үстүбүздөгү жылдын июнь айында кол койгон. 

Лицейге 6-классты бүтүргөндөр кабыл алынат. Окуучулар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен айрым предметтерди жана аларды окуутунун деңгээлдерин өз алдынча тандай алышат.

Лицейге биринчи жылы өлкө боюнча жалпы 72 окуучу кабыл алынаары айтылган. Ар бир класста 24төн ашпаган бала окуйт. Лицейде билим алуу акысыз болот, ал эми башка аймактардан келген балдарга тамак-аш жана жатакана бекер берилет.  

ТЕМА БОЮНЧА:

Жаңы президенттик лицейди каржылоого жылына дээрлик 50 млн сом бөлүнөт

Ысык-Көлдө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейи ачылды