Бишкекте мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз уурдоого шектелген төрт адам кармалды

Шаардык милиция кызматкерлери мажбурлап никеге тургузуу максатында кыз уурдоого шектелген төрт адамды кармады.

Бишкектин Биринчи май РИИБи 14-декабрда аларга жабыркаган кыз кайрылып арыз жазганын, арыз ээси Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде аны бир нече бала күчтөп унаага салып кеткенин айтып берген.

Милиция мажбурлап никеге туруу максатында адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалгандар 1999-жылы туулган төрт бала экени анык болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

Кыз уурдоо

Кыздар менен аялдарды мажбурлап никеге тургузуу максатында урдоо — бул Кыргызстандагы реалдуу көйгөй. Кызды уурдоо зордуктоо менен аяктайт, ал эми коомдун басымына туш болгон кыздар уурдаган тараптын үй-бүлөсүндө калып, токтобогон үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келет.

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоого 5 жылдан 7 жыл жана 6 айга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жетпейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай калат. Ал тургай агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

Дагы окуңуз: 

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди