Парламентте тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Жоробековду бошотуу маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин камалган активист Афтандил Жоробековду бошотуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу парламенттин 10-январдагы жыйынында айтылды.

«Жаңы туубузду кечээ көтөрүп келдик. Ушул туу боюнча пикирин билдирем деп Афтандил Жоробеков деген жигит азыр изолятордо отурат. Апасы кайрылыптыр, аны бошотуп, жылды позитив менен баштасак жакшы болот эле», — деди Кадырбеков парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү пландап жатканда кармалган. Ага «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиеванын айтымында, милиция активисттин 6-декабрда Фейсбуктагы барагына жүктөлгөн видеого көңүл бурган. Ал видеодо Жоробеков бийлик «өлкөдө жашоо оңолот деп дайыма убада берип, бирок ал аткарылбай, эми болсо ал өлкөнүн өнүгүшүнө желек тоскоол болуп жатат деп чечкенине» нааразы болгон.

Туу чуусу

Тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык. Мыйзам долбоорун парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов негиздеген. Бирок бул демилгеге көпчүлүк кыргызстандыктар каршы чыккан.

Парламент депутаттары 20-декабрдагы жыйында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкусуз дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Кийин ага президент кол койгон. Мыйзам 26-декабрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

1-январга караган түнү Ала-Тоо аянтына жаңы желек илинген. Бирок ал парламент депутаттары өзгөртүүлөрдү киргизип, кабыл алган желек эмес экени белгилүү болгон.

Бул коомдо нааразычылык жаратып, айрым депутаттар парламент кабыл алынган туунун бардык элементтери сакталышы керектигин билдирген. Кээ бири бул боюнча иликтөө жүрүп, мамлекеттик символиканы бузгандар жазага тартылышы керек деп белгилешкен.

Ал эми Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков муну «минкаб парламенттин кароосунан кийин толуктоолорду киргизип, туунун акыркы үлгүсүн токтом менен бекиткени» менен түшүндүргөн.

Ошондой эле соцтүйүндүн колдонуучулары аянтка илинген туудагы күн нурларынын саны 40 эмес, 39 экенин жазып чыккан. Коомдогу сын-пикирлердин фонунда бийлик түнү менен аянттагы желекти түшүрүп, нурларын санап чыккан.

Ал эми Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бул тууралуу «жалган маалымат» тараткандарды жоопко тартуу керектигин айтып коркуткан. Көп өтпөй бир нече адам УКМКга сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып кармалды

Мамлекеттик катчы Ала-Тоо аянтына биринчи такталбаган туу илингенин билдирди