Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов кайрадан үй камагына чыгарылды

Ош шаарында 10-январда алдамчылыкка шектелип кармалган «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов кайрадан үй камагына чыгарылды. Ал өткөн жылы ноябрь айында дагы эки кылмышка шектүү катары кармалып, 20-декабрда үй камагына чыккан болчу. Бул тууралуу 12-январда «Клоопко» Ош шаардык сотунан билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ.

Ош шаардык милициянын маалыматына ылайык, 29 жаштагы шектүү өткөн жылы 30-октябрда Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан күрөөканалардын бирине iPhone 14 Pro Max үлгүсүндөгү телефондун кутусун «ачылбаган жаңы» деп алып келип, ордуна 50 миң сом алып кеткен.

Ал эми күрөөкана ээси акчаны кайтаруу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кутуну ачканда анын ичинде 5 даана болт болгон. Жабырлануучу Ош ШИИБге арыз менен кайрылган.

Низамовго «Алдамчылык» беренесинин негизинде иш козголуп, 10-январда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 12-январда Ош шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, «жабырлануучу менен жарашканы жана жашы жете элек бир кызы бар экенин» эске алуу менен үй камагына чыгарылды.

Низамов үстүбүздөгү жылы эле укук коргоо кызматкерлери тарабынан бир нече жолу кармалып, соттор тарабынан үй камагына чыгарылган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2015-жылдан бери 5 жолу соттолгон.

Өткөн жылы 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, ал эми маркумдун өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган 28 жаштагы шериги — Майрамбек Низамов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу

Кийинчерээк, ошол эле жылы 22-июлда, Низамов Ош шаарынын 22 жаштагы тургунун бычактап, бирок 29-августта эки тарап «өз ара ынтымак-достук келишимине келгенине» байланыштуу кылмыш иши жабылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов дагы эки кылмышка шектелип кармалды

Ош: Адам бычактоого шектелип кармалган «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов бошотулду

Ошто «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов адам бычактоого шектелип кармалды