УКМК үй-бүлөлүк зомбулукка жана алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

Бишкек шаарында жубайын үзгүлтүксүз ур-токмокко алып, анын туугандарынан алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча алып, бербей жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу 16-январда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аял кайрылган. Жабырлануучу учурда борбор калаадагы медициналык мекемелердин биринде дарыланып, үй-бүлөлүк психологдун консультациясын алып жатканы белгилүү болду.

Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүү «үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам жубайынын ден соолугуна ар дайым зыян келтирип, коркутуп, моралдык-психологиялык кысым көрсөтүп келгени» аныкталды. Ошондой эле ал жабырлануучунун жакындарынын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 30 миң АКШ долларын алып, көпкө чейин кайтарып бербей келген.

«Аялы алган акча каражаттарды кайтарып берүүнү суранганда шектүү аны системалуу түрдө ур-токмокко алып, денесине залал келтирип турган. Ден соолукка зыян келтирүү жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, жабырлануучуга карата тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Териштирүү иштери уланып жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдө көп жылдан бери актуалдуу болуп келе жаткан башкы маселелердин бири. ИИМдин маалыматына ылайык, өлкөдө 2023-жылдын акыркы он айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миң 400 учуру катталган

Ошол эле жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды