Лейлекте аялына зомбулук көрсөткөн 34 жаштагы тургун кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунда аялына зордук-зомбулук көрсөтүүгө шектелген 34 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 19-январда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, жолдошу спирт ичимдигин ичип, мас абалда уруп-тепкилеп, зомбулук көрсөткөнүн билдирген.

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБ.

Бул факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

2023-жылы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун 126 учуру катталып, баарына коргоо ордери берилген. Андан тышкары Баткен районунун аймагында өткөн жылы 12 ай ичинде зордук-зомбулуктун 55 учуру катталып, аларга да коргоо ордери берилген

Коргоо ордери — бул эгерде бир адамга карата зомбулук көрсөтүлгөн болсо, анда ИИМ зомбулук көргөн адамга жакындабасын деп, зомбулук көрсөткөн адамга коргоо ордери деп аталган документ берет.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген учурлары катталып, жабырлануучуга берилген коргоо ордеринин саны жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы үч жылда өлкөдө коргоо ордерин алган 8,5 миңден ашуун адам катталган.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсү көрсөткөндөй, дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет.

Ал эми аялдардын күйөөсү, жарандык никедеги чогу жашаган адамы же мурдагы өнөктөшү тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Ошого карабай айрым аткаминерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулуктун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжайда өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 126 учуру катталды

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү ата-энелик укуктан ажыратылды