Тиш доктурда каза болгон кыздын өлүмү: Медборбордун жетекчиси, бөлүм башчы жана эки дарыгер иштен кетти

18-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын стоматологиялык бөлүмүндө операция учурунда каза болгон үч жашар кыздын жакындарын кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бейшеналиев аларга көңүл айтып, арыз-муңун укту. Анын айтымында, медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, операцияга катышкан анестезиолог менен диш дарыгери иштен алынды.

«Окуу жайдын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылды. Ошондой эле сиздер адегенде жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника да иштебей турат», — деди министр.

Аны менен катар, Бейшеналиев күнөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын кошумчалады.

Кыздын чарчап калганы тууралуу 21-декабрда белгилүү болгон. Анын жакындары окуяга дарыгерлерди күнөөлөп, иштин акыйкат тергелишин талап кылып чыккан.

Милиция окуя боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен иш козгогон. Ал эми кызга ийне сайган анестезиолог кармалганы кабарланган. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тиш доктурда каза болгон үч жашар кыздан өлүмү боюнча иликтөө жүрүп, бир дарыгер камакка алынды